Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция

РКӨФ: Кыргызстанда чет элдик инвесторлор үчүн шарт кыйла жакшырды

Sputnik
ЖАЛАЛ-АБАД, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстанда чет элдик инвесторлор үчүн шарт кыйла жакшырганын Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башкаруучулугунун төрагасы Артём Новиков билдирди.
Ал ушу тапта Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан Россия-кыргыз региондор аралык Х конференцияда сүйлөгөн.
"Бүгүнкү күндө чет элдик инвесторлор үчүн мамлекеттик кепилдик күчөтүлдү, инвестициялык жана ишкерлик виза алуу мүмкүнчүлүгү кең", — деди Новиков.
Анын айтымында, эки жыл аралыгында РКӨФ эки кыргыз-россиялык инвестициялык форум, Кыргызстан менен Россиянын ишкерлери катышкан тармактык бизнес миссияларды өткөргөн. Натыйжада 50 макулдашууга кол коюлду.
"Биз инвесторлорго долбоорду баалоо, аналитика, бизнес-идеялардын маалымат базасына жеткиликтүүлүктү сунуштай алабыз. Уруксат берүүчү документтерди алууга көмөктөшүп, жер тилке алууга байланышкан маселелерди чечүүгө жардам беребиз", — деди фонд башчысы.
Ушу тапта аталган фонд 120 миллион долларлык долбоорлор менен иштеп жатканын кошумчалады.
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
Путин: Россия Кыргызстандын бардык пайдалуу саамалыктарын колдойт