Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция

Кыргызстанда трактор өндүрүшүн кантип жолго салса болору айтылды

Владимиров техниканы керектөөчүгө тезирээк жеткирүү үчүн аны чек арадан өткөрүү иштерин жолго салуу зарылдыгын белгилеген.
Sputnik
ЖАЛАЛ-АБАД, 11-окт.— Sputnik. Кыргызстандагы "Автомаш-радиатор" компаниясынын башчысы Юрий Владимиров Жалал-Абадда өтүп жаткан Россия-кыргыз аймак аралык Х конференциясында компаниянын ишин кантип жакшыртуу керектигин айтып берди.
Белгилей кетсек, "Автомаш-радиатор" компаниясы Россиянын автомобилдик, айыл чарба жана атайын техника чыгаруучу алдыңкы ишканаларын алюминий радиаторлору менен камсыздап, машина куруу үчүн тетиктерди чыгарат.
Владимиров техниканы керектөөчүгө тезирээк жеткирүү үчүн аны чек арадан өткөрүү иштерин жолго салуу зарылдыгын белгилеген. Анын айтымында, учурда Казакстандын чек арасында кезек күтүү деген көйгөй бар.
"Өкмөт электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирип турушу зарыл. Керек болсо энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө ойлонуп көрүшү шарт. Биз кадр маселесин карашыбыз керек. Анткени азыр көчөдөгү кишилерди эле жумушка алууга аргасыз болуп жатабыз. Бизге кесипкөй токарь, фрезер станогунда иштеген жумушчулар жана башка адистер керек", — деген ал.
Жалал-Абадда өтүп жаткан конференцияда эки өлкөнүн өкүлдөрү соода, туризм жаатындагы долбоорлорду финансылоону талкуулайт. Андан сырткары, бизнес-сессиялар, көргөзмө пландалган.
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
КР менен РФтин өнөр жай кооперациясы боюнча ишке ашып жаткан долбоорлору