Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция

Кыргызстан мунайын Россиянын жардамы менен кайра иштетүүнү көздөөдө

Экономика министри Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кесипкөй жаштар, арзан электр энергиясын жана жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө бош аянтчалар бар экенин белгиледи.
Sputnik
ЖАЛАЛ-АБАД, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстан Россия менен технология жана тажрыйба алмашуу, биргелешкен өндүрүштөрдү жана көп сандагы жумушчу орундарды түзүү боюнча мунай химиясы тармагында кызматташууга даяр. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Ал Жалал-Абадда өтүп жаткан Россия-кыргыз аймак аралык конференцияда сүйлөдү.
"Өлкөдө жыл сайын 300 миң тонна чийки мунай өндүрүлөт. Аны кайра иштетүүнүн эффективдүүлүгү чыгарылган продукциянын 40-50 пайызын түзөт. Чийки мунайдан продукция өндүргөн заводдорду уюштуруу жана азыркыларын жаңылоо зарылдыгы бар", — деди министр.
Анын айтымында, Россия менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 2018-2022-жылдары 50,8 пайызга өстү. Соңку үч жылда Кыргызстан өндүрүштүн көлөмүн 1,5 эсеге жогорулатты. Республикада өнөр жай, энергетика, финансы, электрондук соода тармагында биргелешкен кыргыз-россиялык долбоорлор ишке ашырылууда.
Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду өнөр жайдын түрдүү багыттарын 73 миллион долларга каржылады. Министр уставдык капиталды көбөйтүү зарылдыгы пайда болгонун белгиледи.
Өлкөдө ири түйүндүү автоунаалар менен атайын техникаларды, электр жабдууларын, коммутациялык жана сервердик жабдууларды, жеке жана мамлекеттик секторлор үчүн керектүү техникаларды чогултуу боюнча өндүрүштөр активдүү ачылууда.
Амангелдиев өнөр жай өндүрүшүн колдоо үчүн жеке инвестицияларды тартуу максатында атайын келишимдик инвестициялардын механизмдери, өнөр жайды өнүктүрүү фондулары, субсидиялык колдоо чаралары киргизилип, экспортту колдоо инфраструктурасы түзүлгөнүн белгиледи.
Ал ошондой эле Кыргызстан жыл сайын 200 миллион долларга дары-дармек сатып аларын айтты. Анын 97 пайызы импортко туура келет. Ошондуктан импорттун ордун алмаштыруу жана инновациялык препараттарды өндүрүү боюнча Россия менен кызматташуу зарылдыгы бар.
"Росатом" Кыргызстанда шамал электр станциясын курууну көздөөдө