Бишкекте КРСУнун "Славян окуу жайы университеттен да артык!" көргөзмөсү ачылды

Открытие выставки КРСУ Славянский больше чем университет! в Бишкеке
Иш-чара Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин 30 жылдыгына арналып уюштурулду.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. КРСУда бүгүн "Славян окуу жайы университеттен да артык!" аттуу көргөзмө ачылды.
Анда университет 30 жылда эмнеге жетишкендиги көрсөтүлөрүн окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Дмитрий Глазунов билдирди.
Ачылышына бардык факультеттердин декандары катышты. Экскурсияны маалымат жана коомчулук менен байланыш боюнча проректор Леонид Сумароков алып барды.
"1992-жылдын 27-сентябрында ошол кездеги президент Аскар Акаев Бишкекке КРСУну түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Көргөзмөгө табигый-техникалык, архитектура, дизайн жана курулуш факультеттеринин студенттери жасаган экспонаттар коюлду", — деди Сумароков.
Университеттин кире беришине окуу жайдын тарыхы камтылган көптөгөн стенддер коюлган. Ошондой эле окуу жай чыгарган китептер жана КРСУга ыйгарылган сыйлыктарды көрүүгө болот.
"Бизде жети факультет, 87 кафедра бар. Алардын ар бири уникалдуу. Жакында 30 жылдан берки бүтүрүүчүлөрдүн саны 40 миңден ашты", — деди Сумароков.
Б. Н. Ельцин атындагы КРСУда Россия менен КМШ мамлекеттеринин жалпы тарыхы — биргеликте өнүгүүнүн ресурсу аттуу Эл аралык тарых мектебинин салтанаттуу ачылышы өттү
Бишкекте Эл аралык тарых мектебинин иши старт алды