Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция

Новиков: РКӨФ Кыргызстан менен Россия аймактарын байланыштырчу звено боло алат

Sputnik
ЖАЛАЛ-АБАД, 11-окт. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен Россиянын аймактарын байланыштырган звено боло алат. Бул тууралуу фонд башчысы Артём Новиков Жалал-Абадда өтүп жаткан Россия-кыргыз аймак аралык конференция учурунда айтты.
Ал белгилегендей, эки өлкө мамилесин өнүктүрүүдө аймактардын келечеги кенен. Новиков учурда РКӨФтө Кыргызстандын бардык аймактары менен кызматташуу боюнча макулдашуу бар экенин айтып, Россиядагы аймактардын өкүлдөрүн ушундай эле макулдашуу түзүүгө чакырган.
"Эгер бул сунуш ишке ашса, фонд Кыргызстан менен Россиянын аймактарын экономикалык жактан байланыштырган звено болмок. Бул максатта РКӨФтө компетенция жана эксперттик потенциал бар", — деген Новиков.
Конференция бүгүн Жалал-Абадда башталды. Анда эки өлкөнүн өкүлдөрү соода, туризм жаатындагы долбоорлорду финансылоону талкуулоодо. Андан сырткары, бизнес-сессиялар, көргөзмө өттү. Иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров менен РФ лидери Владимир Путин онлайн катышты.
Жалал-Абаддагы Россия-Кыргыз аймак аралык конференция
РКӨФ түптөлгөндөн бери 580 млн. долларлык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырды