ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 15%га кыскарды

Учурда Кыргызстанда 72 миң жумушсуз адам бар.
Sputnik
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссия ЕАЭБде жумушсуздук 15 пайызга кыскарганын кабарлады.
Ага ылайык, 2022-жылдын август айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде миллиондон ашык жумушсуз болсо, быйылкы жылдын август айына карата 892,9 миң жумушсуз адам катталган. Жумушсуздук Беларуста, Армения жана Кыргызстанда бир нече миң кишиге кыскарса, Россияда 180 миң адамга азайган. Ал эми Казакстанда иши жоктордун саны, тескерисинче, жогорулаган.
Учурда Кыргызстанда 72 миң жумушсуз адам бар. Өткөн жылы (2022-жылдын августу) бул сан 75 миңдин тегерегинде болчу.
ЕАЭБдин жыйынтык көрсөткүчтөрү. Инфографика