Радио

Калыбеков: "Алтын калем" сынагына орус тилиндеги чыгармалар да кабыл алынат

Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков "Алтын калем" адабий сынагына чыгармаларды кабыл алуу башталганын айтты.
Sputnik
"Алтын калем" сынагына катышам дегендердин жаш курагы чектелбейт. Бир гана талап — Кыргыз Республикасынын жараны болуусу шарт. Бул тууралуу Нурлан Калыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
"Алтын калем" адабий сынагын уюштурууда мурдагы министр Азамат Жаманкулов менен анын орун басары Салтанат Аманованын эмгеги чоң. Алар мурда сыйлык катары тапшырылып жүргөн "Алтын калем" дипломунун структурасын өзгөртүп, министрликтин казынасынан 500 миң сом бөлүп, статуэтка жасатып сынак уюштурушкан. Андан бери 3-4 жыл өттү, адабий сынак жыл сайын өтүп келүүдө. Быйыл адабий сын, балдар адабияты жанрлары да киргизилди. Ошону менен катар эле орус тилдүү чыгармалар да сынактын жобосунда көрсөтүлгөн бардык жанрлар боюнча кабыл алынат. Чыгармаларды тапшыруу убактысынын соңу 20-ноябрь, андан кечиккендери кабыл алынбайт. Калыстар тобуна келип түшкөн эмгектер автордун аты-жөнү жазылбай берилет. Алар окуп балл коюшат. Кимдин баллы жыйынтыгында жогору болсо, ал жеңүүчү аталат", — деди Калыбеков.
Ал аталган сынактын жеңүүчүсүн аныктап, сыйлык тапшыруу аземи 12-декабрда, Улуттук адабият күнүнө белгиленгенин кошумчалады.