БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Телефондон кулакчыны жок музыка уккан же видео көргөн адамдар көпчүлүктүн кыжырын келтирет. Виртуалдык дүйнөдөгү баарлашуунун маданияты, жакын адамдар менен жумуш боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүнүн эрежелери тууралуу Лиззи Пост тизмектеп бергенин "Доктор Питер" басылмасы жазды.
Үн менен жөнөтүлгөн билдирүүлөр
Мындай билдирүүлөрдү жакшы тааныган адамдарга жана эмоцияны көрсөтүү керек болгон учурда гана жөнөтүү сунушталат.
"Жумуш боюнча сүйлөшүп жатсаңыз текст менен гана билдирүү жөнөтүңүз. Анткени ал жерде факт даана жазылат. Ал эми үн менен коштолгон билдирүүнү көп адамдар укпай, ачпай дагы коет. Андыктан факт болуш үчүн — текст, ал эми эмоция үчүн үн керек", — деген Лиззи Пост.
Телефонго чалуудан мурун тексттик билдирүү жөнөтүп коюңуз
Сиз байланыша турган адам учурда эмне менен алек экенин билбешиңиз мүмкүн, андыктан ал чалууга жооп бербей калышы толук ыктымал. Ошон үчүн чалуудан мурун убакыт-саатын такташып алыңыз.
Улам-улам чалуунун кажети жок
Телефон албай койсо кайра-кайра чала берген адамдар бар. Өтө зарыл болгон учурдан башка убакта мындай чалуулар маданиятка жатпайт.
Видео аркылуу сүйлөшүү
Видео аркылуу сүйлөшүүнүн биринчи эрежеси — экранга жүзүңүз толук баткандай кылып телефонду түз кармоо. Экинчиден, ары-бери баспай, чалуу бүткөнгө чейин ордуңуздан жылбай отурганыңыз оң.
Коомдук транспортто үнүн жаңыртып алып сүйлөшпөңүз
Бул көпчүлүккө ыңгайсыздык жаратат. Эл көп жерде сүйлөшүүгө туура келсе кулакчын тагып алыңыз. Бирок жаныңызда тургандардын баары сиздин сөзүңүздү угуп жатканын эстен чыгарбаңыз.