Садыр Жапаров жаңы президенттик администрацияга аталыш сунуштоону өтүндү

Администрацияны "Ак Ордо", "Кут Ордо", "Айкөл Ордо", "Ынтымак Ордо" деп атоо сунуштары түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу аяктап калганын айтып, ага ат сунуштоону суранды.
"Жаңы салынып жаткан администрацияга ат коюшубуз керек болуп жатат. "Ак Ордо", "Кут Ордо", "Айкөл Ордо", "Ынтымак Ордо" деп атоо сунуштары түштү. Бул ат түбөлүк калгандыктан жалпы элдин сунуштарын, пикирин угайын деп чечтим. Тарых болот. Дагы башка аттарды каалагандар болсо сунуш бериңиздер. Сөзсүз түрдө эмне үчүн ушундай атоону сунуштап жатканыңыздын себептерин жаза кетиңиздер", — деп жазган Жапаров.
Белгилей кетсек, аталган имарат 2022-жылдын апрель айында башталып, курулушуна Садыр Жапаров капсула салган. Ал комплексте мамлекеттик органдардын баары жайгашмакчы.
Жапаров менен Путин Кыргызстандагы үч мектептин курулушуна старт берди. Видео