Россиялык бизнес Кыргызстан менен кызматташууну бекемдегиси келет

Калинин "Опоры России" республиканын бизнеси аркылуу эки тараптуу кызматташууну бекемдөө жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү ниетинде экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кичи жана орто бизнес Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө багытталган. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
Бишкекте Улуттук агенттиктин өкүлдөрү менен кичи жана орто бизнестин "Опоры России" аттуу коомдук уюмунун президенти Александр Калининдин жолугушуусу өттү.
Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнүн оң динамикасын белгилеп, бирдиктүү иш жүргүзүүнү жакшыртууга кызыкдарлыгын билдирди.
Калинин "Опоры России" республиканын бизнеси аркылуу эки тараптуу кызматташууну бекемдөө жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү ниетинде экенин айтты.
Тараптар келерки жылдын башында "Опоры России" уюмунун бизнес миссиясын түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты.
"Бизнес-миссиянын тажрыйбасы эффективдүүлүгүн көрсөтүүдө. Пландалган В2В-жолугушууларында ишкерлер жаңы өнөктөштөрдү, рынокторду таап, тажрыйба алмашышат", — деди Калинин.
Бишкекте Россиянын экспорттук борборунун өкүлчүлүгү ачылды