Нанды кымбат саткандарга 13 миң сомго чейин айып салынат

Эртеңден баштап нан саткан жерлерде баага көзөмөл жүргүзүлө баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстанда нанды кымбат саткандар айыпка жыгылат. Бул тууралуу Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Санжарбек Кокошеров маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, эртеңден баштап нан саткан жерлерде баага көзөмөл жүргүзүлө баштайт.
"Эгерде нандын баасы биз коюп бергенден ашса, алгач эскертүү берилет. Андан кийин да бузуулар катталса жеке жактарга 3 миң, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө айып салынат", — деди ал.
Белгилей кетсек, өлкөдө нандын баасы кымбаттап кеткендиктен өкмөт анын баасын бекитти.
Министрлерди "не тормози" деп коюңузчу. Депутат ундун кымбатташын сынга алды