Кыргызстандык Даун синдрому бар балдар сууда сүзүү олимпиадасынан байге алды

Мелдешке Россия, Казакстан, Беларусь, Италия жана Кыргызстандан 200 сууда сүзүүчү катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызстандан барган Даун синдрому бар балдар "Бирге жеңебиз" аттуу сууда сүзүү боюнча атайын олимпиаданын жеңүүчүсү аталды. Бул туурасында пара сууда сүзүү улуттук команданын башкы машыктыруучусу Ислам Турдуев билдирди.
1 / 2

Кыргызстандан барган Даун синдрому бар балдар "Бирге жеңебиз" аттуу сууда сүзүү боюнча атайын олимпиаданын жеңүүчүсү аталды

2 / 2

Мелдеш Татарстандын Казань шаарында өтүп, ага Россия, Казакстан, Беларусь, Италия жана Кыргызстандан 200 сууда сүзүүчү катышкан

Мелдеш Татарстандын Казань шаарында өтүп, ага Россия, Казакстан, Беларусь, Италия жана Кыргызстандан 200 сууда сүзүүчү катышкан. Өлкө намысын Акназар Нурак уулу, Полина Мальцева, Айдин Жунушов коргоду.
"Биз алты медаль уттук, анын бирөө алтын, үчөө күмүш, дагы бирөө коло. Ошондой эле биздин балдар "Эл достугу" командасында 50 метрге эркин стилде сүзүү боюнча жарышып, экинчи орунду ээлешти. Анын курамында казак жана беларус спортчулары болгон", — деди Турдуев.
КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын XVII Дельфи оюндарынын өтүүдө
Бишкектеги Дельфи оюндары кандай өтүүдө? Видео