КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын XVII Дельфи оюндарынын өтүүдө

Бишкекте КМШ жаштарынын XVII Дельфи оюндары аяктады. Салтанаттын ирмемдери

Бишкекте КМШ жаштарынын XVII Дельфи оюндары салтанат менен аяктап, гала-концерт уюштурулду. Sputnik Кыргызстан иш-чарадагы кызыктуу сүрөттөрдү тартуулайт.
Sputnik
7-октябрда башталган бул ири иш-чара 9-октябрда аяктады.
Теги: Кыргызстан КМШ Дельфи оюндары талант Бишкек гала-концерт
1 / 10

КМШ жаштарынын XVII Дельфи оюндарынын жабылышы Бишкекте гала-концерт менен аяктады

2 / 10

Таланттар таймашына КМШнын ар кыл өлкөлөрүнөн 600гө чукул жаштар катышты

3 / 10

Калыстар тобу музыкалык аспаптарда ойногон, ырдап-бийлеген мыктыларды аныктады

4 / 10

Лауреаттар алтын, күмүш жана коло медалдар менен сыйланышты

5 / 10

Бул иш-чара таланты ташкындаган бир топ мөлтүр булактын көзүн ачты

6 / 10

Катышуучулар он номинацияда байгелүү орундарга жетүүгө умтулушту

7 / 10

Дельфи оюндары — таланттуу жаш муундарга жакшылап колдоо көрсөтө турган майнаптуу иш-чаралардын бири

8 / 10

Ырлар жаңырды, көтөрүңкү маанай тартуулаган бий да болду

9 / 10

Иш-чаранын жабылышындагы концерттен бир көрүнүш. Залда Кыргызстандын мамлекеттик гимни жаңырууда

10 / 10

Бул таланттын скрипкасынан чыккан сыйкырдуу музыка угармандарды арбап алды

Тема боюнча:
Бишкекте КМШ жаштарынын XVII Дельфи оюндары аяктады. Видео