Баткенде 32 мечит менен беш диний окуу жайдын иши токтотулду

Атайын кызмат элдин муктаждыктарын эске албай диний объектилер башаламан курулуп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Баткен облусунда 32 мечиттин жана диний беш окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулуп, облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан сегиз материал маалыматтарды каттоо журналына түштү.
1 / 2

Баткен облусунда 32 мечиттин жана диний беш окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулуп, облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан сегиз материал маалыматтарды каттоо журналына түштү

2 / 2

55 мечитке, диний алты окуу жайга дин тутуу эркиндиги, диний уюмдар жөнүндө мыйзам талаптарын сактабай, тиешелүү курулуш, санитардык-эпидемиологиялык, өрт коопсуздугунун эрежелерин бузганы үчүн акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилген

УКМКнын маалымат кызматы Баткендин аймагындагы диний объектилердин ишмердүүлүгү текшерилгенин кабарлады.
55 мечитке, диний алты окуу жайга дин тутуу эркиндиги, диний уюмдар жөнүндө мыйзам талаптарын сактабай, тиешелүү курулуш, санитардык-эпидемиологиялык, өрт коопсуздугунун эрежелерин бузганы үчүн акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилген.
"Нормаларды, калктын реалдуу муктаждыктарын эске албай диний объектилердин башаламан курулушу, бирдиктүү стандарттардын бузулушу, диний билим берүү мекемелеринде билим берүүгө көзөмөлдүн жоктугу — Баткен облусунда диний кырдаалга терс таасирин тийгизген, радикалдык-экстремисттик идеологиянын динге ишенгендер арасында жайылышына өбөлгө түзгөн негизги факторлор", — деп айтылган маалыматта.
Ошто комиссия 39 мечитти, 21 диний окуу жайды убактылуу жапты