“Ала-Арча” көрүстөнү толуп баратат, сөөк коюуга Байтик айылынан жер берилет

Көрүстөнгө берилген жер буга чейин айыл чарба багытында колдонулуп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Министрлер кабинети “Ала-Арча” көрүстөнүнө башка аймактан жер берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Бишкек шаарындагы “Ала-Арчада” сөөк коюуга орун калбай бара жаткандыгы белгиленди. Буга байланыштуу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айыл аймагынан 22 гектар жер бөлүп, ошол жакка жылдырылат. Буга чейин аталган жер айыл чарба багытында колдонулуп келген.
Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында, мындан тышкары, ИИМ тарабынан жол эрежелерин бузганы үчүн административдик айып пулдан түшкөн акча каражатын бөлүштүрүүдө өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси көтөрүлгөн.
Буга улай өкмөт дагы бир чечими менен Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатында, ошондой эле Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында окуган балдардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнгөн каражат жогорулатылды.
Андан сырткары, Экономика жана коммерция министрлиги калктуу конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана мамлекеттин жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу максатын көздөгөн министрлер кабинетинин токтом долбоорун отурумдун кароосуна киргизип, ал колдоо тапты.
Жаңы Ак үйдү куруп жаткан компанияга 25 гектардан ашык жер менчикке берилди