УКМК чек арадагы өткөрүү пунктунан акча чогулткан кылмыштуу топту кармады

Учурда аталган схемага тиешеси бар жогорку кызматтагы адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. УКМК кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктунда Кыргызстанда ишкерлик кылгандардан акча талап кылуу жана өндүрүү боюнча туруктуу схема уюштурган трансулуттук кылмыштуу топту кармаганын кабарлады.
Маалыматта операция Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси ("Экономикалык контрабанда") менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргөнү айтылат.
"7-октябрда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана жакындары делген М.О.Р. жана С.У.Т. аттуу адамдар кармалды", — деп айтылат кабарда.
УКМК учурда аталган схемага тиешеси бар жогорку кызматтагы адамдарды жана аткаминерлерди аныктап жатканын билдирди.
УКМК Камчы Көлбаевдин кан кудасын кармады