23 жыл мурда Евразиялык экономикалык биримдик түптөлгөн. Видео

2000-жылы 10-октябрда Евразиялык экономикалык биримдик — ЕАЭБ түзүлүп, аны негиздеген келишимге Астанада кол коюлган.
Sputnik
Түптөлгөндөн тарта ЕАЭБге Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан кирген бирикме 15 жыл иштеп, бирдиктүү экономикалык аймак жаралды. Бажы союзу калыптанып, Евразиялык экономикалык комиссия иштей баштады.
Уюмдун тарыхына кайрылсак, 2014-жылы 29-майда Астанада Беларусь, Казакстан жана Россия ЕАЭБди түптөө келишимине кол койгон. Ошол эле жылдын күзүндө, 10-октябрда, Минскиде ЕврАзЭСтин ишин токтотуу документине кол коюлган. Ушул эле күнү ЕАЭБге Армения, 2015-жылы Кыргызстан кошулган.
Эске салсак, 2006-жылы Өзбекстан кошулуп, бирок 2008-жылы октябрда мүчөлүгүн токтоткон. 2003-жылы аталган уюм БУУнун Башкы ассамблеясында байкоочу макамын алган.