Кыргызстан россиялык компаниядан 128,8 млн. сомго 241 трансформатор сатып алды

Трансформатордун ичинен теңинен көбү, тагыраагы, 152си компаниянын кампаларына алып келинген.
Sputnik
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКы 128,8 миллион сомго 241 трансформатор сатып алды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКы 128,8 миллион сомго 241 трансформатор сатып алды

2 / 3

Трансформатордун ичинен теңинен көбү, тагыраагы, 152си компаниянын кампаларына алып келинген

3 / 3

Трансформаторлор бир айдын ичинде республиканын бардык аймактарына орнотулат

Трансформатордун ичинен теңинен көбү, тагыраагы, 152си компаниянын кампаларына алып келинген. Калганы ушул жуманын ичинде келери кошумчаланды.
Маалым болгондой, трансформаторлор бир айдын ичинде республиканын бардык аймактарына орнотулат. Жабдууну Кыргызстан Россиянын "Электрощит - ТМ Самара" компаниясынан сатып алган.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев мындай ири сатып алуулар 2023-жылдын 1-майында электр энергиясына тарифти 23 тыйынга (77 тыйындан 1 сомго) жогорулатуунун эсебинен ишке ашырылганын белгилеген.
Энергетика министрлиги электр кубатын үнөмдөөнүн 6 ыкмасын эскертти