Жалал-Абадда 18 жаштагы кыз изделүүдө. Сүрөт

Ал 29-сентябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда 18 жаштагы Айнуска Саматова изделип жатканын Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ал 29-сентябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат.
"Учурда кыздын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп айтылат кабарда.
Белгилери: бою 165-170 см, өңү ак жүздүү, кашы-көзү кара, кыска кара чачтуу, арыкчырай.
Үстүндө кара түстөгү калың жемпир, жынсы шым, бутунда жашыл түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.
Милиция Айнуска Саматова тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 102, (03736) 5 02 61, 0995 88 02 00 телефондоруна кабарлап коюуну өтүндү.
Караколдо жоголгон 11 жаштагы Бекболот Бишкектен табылды