Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Индияда Зеленскийдин кийинки кадамы бир топ опурталдуу болору болжолдонду

Россия президенти Владимир Путин бейшембиде "Валдай" клубунун жыйынында сүйлөп жатып, Украина 4-июндан бери 90 миңден ашуун кишисинен ажырап, 557 танк, 1900 сооттолгон машина жок кылынганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Украинанын контрчабуулу максатына жетпей, Батыштын жардамы токтогон соң Зеленский радиациянын чыгышын өбөлгөлөшү мүмкүн. Мындай пикир индиялык Tribune India гезитине жарыяланганын РИА Новости жазды.
"Киев өкмөтү өзүнүн өзөктүк объектилеринен радиация чыгышын өбөлгөлөп, буга Россияны күнөөлөшү ыктымал", — деп айтылат макалада.
Автордун баамында, ЖМКларда "патриоттуулук" менен бараткан украин күчтөрү Россияга чечүүчү сокку урууга жакын калды деген пикир биротоло жок болду. Контрчабуулдун ишке ашпай калышы, АКШ менен Словакия тараптан жардамдын токтошу Зеленскийди "жаралуу жолборско" айлантышы мүмкүн.
Украина Куралдуу күчтөрү НАТО даярдаган бригадалары жана Батыштан келген техника менен контрчабуул баштаганына беш айдын жүзү болду. Россия президенти Владимир Путин бейшембиде "Валдай" клубунун жыйынында сүйлөп жатып, Украина 4-июндан бери 90 миңден ашуун кишисинен ажырап, 557 танк, 1900 сооттолгон машина жок кылынганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эксперт: Байденди Киевге жардам берүүгө каршы америкалыктардын көптүгү таңдантты