Трамптын уулу: Газадагы чатакта элден АК-47 эмес, АКШ автоматтары чыгууда

Кеп британиялык Sky News телеканалында көрсөтүлгөн видеорепортаж туурасында жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын уулу Дональд Трамп ХАМАСтын адамдарынын Израилге кол салуусунда палестиналыктардын колунда жүргөн М4 үлгүсүндөгү америкалык автоматтар тууралуу айтты. Бул жөнүндө ал X (мурдагы Twitter) социалдык тармагындагы микроблогуна жазганын Sputnik Ближнее зарубежье кабарлады.
Кеп британиялык Sky News телеканалында көрсөтүлгөн видеорепортаж туурасында жүрүп жатат. Видеодон каршылашуунун башында куралдан асманга атып жаткан кишилерди көрүүгө болот.
"Алар биз Жакынкы Чыгыштан көрүп жүргөн кадимки АК-47ге караганда, америкалык М4төргө окшош", — деген Дональд Трамп (уулу).
Эске салсак, буга чейин конгрессчи Маржори Тейлор Грин ХАМАСтын америкалык куралдарды кайдан алып жаткандыгына кызыгып, алар палестиналыктарга Афганстан менен Украинадан келип жаткан жокпу деп суроо салган.
Израиль "40 Алеф" пунктун киргизип, расмий түрдө согуш жарыялады