Садыр Жапаров Кытайдын элчисин Достук ордени менен сыйлады

Ду Дэвэнь КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин саламын айтып, көрсөтүлгөн сый-урмат жана сыйлык үчүн ыраазычылык билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге мамлекеттик Достук орденин тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы бул орден менен тынчтыкты, достукту жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча жасаган иштери үчүн Кыргызстан жана чет өлкөлөрдүн жарандары сыйланарын айткан.
"Кыргызстан сиздин кыргыз-кытайдын ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоого кошкон баа жеткис салымыңызды жогору баалайт", — деген Жапаров.
Өз кезегинде Ду Дэвэнь КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин саламын айтып, көрсөтүлгөн сый-урмат жана жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирген. Ал бул сыйлык Садыр Жапаровдун кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө болгон мамилесин жана көңүл буруусун көрсөтүп жатканын белгилеген.
Элчи кытай тарап Кыргызстандын КЭР менен мамилесин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканына басым жасаган.
Садыр Жапаров өзүнө жаңы жардамчы дайындады