Захарова: НАТОнун Киевге берген куралдары дүйнөгө тараарын Россия эскерткен

Москва дүйнөлүк ЖМКларды бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырганы менен, бирок эч кимдин буга баам салбаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Россиянын ТИМи бир нече ирет коңгуроо кагып, НАТО Украинага берип жаткан куралдардын дүйнөдөгү мыйзамсыз рынокторго жайылып кетишине эл аралык коомчулугунун көңүлүн бурууга чакырган. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Telegram каналына жазды.

“Мен бир жарым жыл бою Россия ТИМиндеги расмий брифингдерде НАТОнун, биринчи кезекте Американын Зеленскийге берген куралдары “мыйзамсыз базарларга” кантип жайылып жатканы тууралуу айтып келген элем. Себебин да атагам, ал Украинадагы, Вашингтон менен Киевдин ортосундагы коррупция дегем. Айтылган, делген. Дүйнө ЖМКларын буга көңүл бөлгүлө дегенбиз”, — деп белгиледи Захарова.

Москва дүйнөлүк ЖМКларды бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырганы менен, бирок эч кимдин буга баам салбаганы айтылды.
“Bloomberg, The New York Times, The Wall Street Journal, Politico, Associated Press, BBC жана башкалардан сурагыла: алар биздин маалыматтарды канча жолу колдонуп айтышты же анын негизинде иликтөө жасашты? Айтып коеюн, таптакыр. Бир да жолу болгон жок”, — деди Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.
Эске салсак, буга чейин конгрессчи Маржори Тейлор Грин ХАМАСтын америкалык куралдарды кайдан алып жаткандыгына кызыгып, алар палестиналыктарга Афганстан менен Украинадан келип жаткан жокпу деп суроо салган.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев өз кезегинде Telegram каналына Израиль Киев режимине Батыш өлкөлөрү өткөрүп берген куралдарды активдүү колдонуп жатканын жазган. Аны менен катар эле бул куралдар АКШ аскерлери Афганстандан качканда калган техника сымал согуш болгон бардык жерлерде кароосуз, көзөмөлсүз колдонуларын белгилеген.
Трамптын уулу: Газадагы чатакта элден АК-47 эмес, АКШ автоматтары чыгууда