Латын америкалык АЛБА Палестина эли менен тилектештигин билдирди

Аймактык кызыкчылыктан келип чыккан палестин-израиль чатагы көп жылдан бери аталган региондо абалды чыңалтып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Америка эли үчүн болгон Боливариан альянсынын мамлекеттери (АЛБА) Газа секторундагы зомбулуктун курчуп кетишине өкүнүү менен карай тургандыктарын жана Палестина эли менен бирге экендиктерин дүйнөгө жарыя кылышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Америка эли үчүн болгон Боливариан альянсына мүчө мамлекеттер (АЛБА) дүйнөгө жана эл аралык тынчтыкка кооптуулук жаралышына, эл аралык укуктун, БУУнун Уставынын максатынын, принциптеринин нормаларынын бузулушуна, Газа секторундагы зомбулуктун курчуп кетишине өкүнүү менен карайт. АЛБА палестин эли менен тилектештигин билдирет. Аны менен катар эле БУУнун 1967-жылга чейинки чек араларындагы эки мамлекетти түзүү жана Чыгыш Иерусалимди Палестина мамлекетинин борбору катары кабыл алынган резолюцияларын аткарууну талап кылат", — деп айтылган Х тармагындагы аталган уюмдун жарыяланган маалыматында.
АЛБАнын он өлкөсү — Венесуэла, Боливия, Куба, Никарагуа жана дагы Кариб аралдарынын аймагындагы алты мамлекет зомбулуктун бул чыңалуусу жакын арада сүйлөшүүлөр менен жөнгө салынбаса, аймактын туруктуулугунун коопсуздугуна таасирин тийгизет деп тынчсыздангандыгын билдиришкен. Уюмдун мүчөлөрү чатактын диалог жана эл аралык нормалар аркылуу чечүү чакырыгын БУУга жана эл аралык коомчулукка да жар салган.
Ишембиде эртең менен Израиль Газа секторунан ракеталык чабуулга дуушар болгон. Израиль армиясынын маалымат кызматы үч миңден ашуун ракета атылып, чек ара райондоруна ХАМАСтын согушкерлери кирип барганын билдирди. Палестинанын ХАМАС кыймылынын аскердик канаты ишембиде Израилге каршы "Аль-Аксыдагы топон суу" деп аталган операция жүргүзүп жатканын жар салган. Израиль армиясы Газа секторунда ХАМАСка каршы "Темир кылыч" операциясын баштады. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху элге кайрылып, Израиль узакка созула турган оор согушка киргенин, мындан улам мобилизациялоо жүрөрүн билдирген. "Аль-Кассам" (ХАМАСтын аскер канаты) бригадалары израилдик жоокерлер менен офицерлерди туткунга алганын айтууда.
Израиль-палестин чатагында көз жумган израилдиктердин саны 700 кишиден ашканын жекшемби күнү кечинде i24 News телеканалы билдирген. Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматтарында израилдиктердин Газа секторуна жасаган соккусунан каза тапкандардын саны 400дөн ашып, 2,3 миң киши жаракат алганы айтылды. "Аль-Кассам" (ХАМАСтын аскер канаты) бригадалары израилдик ондогон жоокерлер менен офицерлерди туткунга алганын айтууда. Андан бир аз убакыт өткөндөн кийин ХАМАСтын саясий бюросунун мүчөсү Муса Абу-Марзук Израилдин ичинде жогорку аскердик кызматтагылары кошо кармалган 100 жараны туткунга алынганын билдирген.
Россия ТИМ жетекчисинин орун басары Михаил Богданов тараптарды кепке келип, согуш отун тутантпоого чакырды. РФтин БУУдагы атайын өкүлү Василий Небензя Коопсуздук Кеңештин жабык жыйынында эки тарапты чатакты тез арада токтотууга жана жүйөлүү сүйлөшүүгө өтүүгө чакырды.
Аймактык кызыкчылыктан келип чыккан палестин-израиль чатагы көп жылдан бери аталган региондо абалды чыңалтып, элди тынч алдырбай келет. БУУнун чечими, СССРдин активдүү ролунун аркасында 1947-жылы Израиль жана Палестина мамлекеттеринин түптөлүшү аныкталып, бирок Израиль гана түзүлүп калган.
Израиль эки мамлекет принциби менен макулдашууну бетке кармап, Палестина аймагын азыркы күнгө чейин толук бошотуп бербей келет.
Конгрессвумен ХАМАС АКШнын Украинадагы куралын колдонгонун тактоого чакырды