Пресс-борбор

Кыргызстандык балдар Россиянын "Орлёнок" борборунда эс ала алышат

Эл алуу жайына 11 жаштан 16 жашка чейинкилер бара алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балдар Россиядагы "Орлёнок" борборуна барып эс ала алышарын "Алтын түйүн" улуттук инженердик-техникалык академиясынын маалымат кызматы кабарлады.
Мекеменин директору Жаркын Бапанова жана "Орлёнок" бүткүл россиялык балдар борборунун Эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шамс Абдуллаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда сүйлөштү.
"Алтын түйүн" менен "Орлёнок" билим берүү, эс алуу жана балдардын саламаттыгын чыңдоо жаатында кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшкан. Анын алкагында тажрыйба арттыруу үчүн адистер менен алмашуу жана мектеп окуучуларынын "Орлёнок" борборуна кыска мөөнөттүү сапарларын уюштуруу каралган.
"Алтын түйүн" улуттук инженердик-техникалык академиясынын директору Жаркын Бапанова
"Кийинки жайда "Орлёнокко" балдардын биринчи тобу барат деген үмүттөмүн. Алгач "Алтын түйүн" уюштурган сынактардан жеңгендерге басым жасайбыз, андан кийин конкурс жарыялашыбыз мүмкүн. Жеңүүчүлөр "Орлёнокко" барат. Жайында 21 күн, кыш мезгилинде 10-12 күн эс ала алышат", — деди Бапанова.
Балдар үчүн эс алуу эле эмес, билим берүүчү программалар да каралган.
"Билим берүүчү мейкиндигибиз кеңири, чыгармачыл аянтчалар, ошондой эле 1500 орунга ылайыкташкан амфитеатрыбыз бар. Бул жакка 11 жаштан 16 жашка чейинки балдар-кыздар келе алышат", — деди Абдуллаева.
Бишкекте Эл аралык тарых мектебинин иши старт алды