БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. УКМК "мыйзамдагы ууру" атыккан кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мал-мүлкү камакка алынганын билдирип, байлыгынын видеосун жарыялады.
Комитеттин маалымат кызматы билдиргендей, Көлбаевдин кылмыштуу тобунун 40тан ашуун активдүү мүчөсү кармалып, кримтөбөлгө жана анын айланасындагыларга тиешелүү 1 млрд. доллардык мал-мүлкү камакка алынды.
УКМК жарыялаган видеодон Көлбаевге таандык делген алтын менен бриллиант кошулуп жасалган 500 миң долларлык таажысын, курал-жарак, автоунаанын түрүн көрүүгө болот.
"Мыйзамдагы уурунун" камакка алынган мүлкүнүн тизмеси:
850дөн ашык кыймылсыз мүлк, атап айтканда, кымбат өзгөчөлөнгөн үйлөр (особняк), коттедждер, элиталык клуб үйлөрү, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык кымбат баалуу люкс үлгүсүндөгү унаалар, сооттолгон машиналар, зер буюмдар жана башка;
Курулуп жаткан эки гана имаратта Камчы Көлбаев 700дөн ашык батирге ээ болгон, алар мамлекетке өткөрүлөт.
Көлбаев жана анын жан-жөкөрлөрү өздөрүнүн кылмыштуу мүлкүн коргоо үчүн коопсуздук агенттиктерди ачып, заманбап ок атуучу куралдар жана техника менен жабдылган куралдуу топторду түзүшкөнү айтылды. Алар да толугу менен алынган.
"Кримтөбөлдүн мүлкүнүн бир бөлүгү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган жана таза иштеген ишкерлерден тартып алынган. Аларды тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жабыркаган адамдарга кайтаруу иштери жүргүзүлөт. Кылмыш жолу менен алынган мүлктү мамлекеттик кирешеге айлантуу иши башталды. Бул Көлбаевдин жана анын айланасындагылардын мыйзамсыз мүлкүн издөө иштеринин алгачкы жыйынтыктары гана, издөө иштери ал өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да, тактап айтканда, анын бизнес кызыкчылыктары болгон Россияда, Казакстанда, Грузияда, Түркияда, БАЭде (Дубай) жана Японияда да улантылат", — деп айтылат маалыматта.
УКМК өлкөдө уюшкан кылмыштуулукка жана анын көрүнүштөрүнө каршы күрөш толугу менен жок кылынмайынча улантылып, жыйынтыгы коомчулукка үзгүлтүксүз жеткирилип турарын белгилеген.
Эскерте кетсек, "мыйзамдагы ууру" атыккан кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясы учурунда 4-октябрда жок кылынган.