УКМК Камчы Көлбаевдин кан кудасын кармады

Шектүү декабрдын башына чейин камакта болот.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. УКМК Камчы Көлбаевдин Р.Т. аттуу кан кудасын кармады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
Шектүү уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө же ага катышууга айыпталууда. Ал камакка алынды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Р.Т. УКМКнын тергөө абагына 4-декабрга чейин камалганын редакцияга билдирди.
Буга чейин УКМК жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин байлыгы боюнча видео жарыялаган. Андагы маалыматка караганда, Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) 1 миллиард долларлык активге ээлик кылып келген. Кадрда анын кудасы Р.Т. үйү дагы көрсөтүлгөн.
Кечээ, жекшембиде, Көлбаевдин кудасы делген экс-депутат Турсунтай Салимов дагы кармалган.
УКМК: Камчы Көлбаев саясий процесстерге таасир этип турган