БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Израилдин коргоо министри Йоав Галант Газа секторун толугу менен блокадага алууга буйрук берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Газа секторун толугу менен блокадага алуу буйругун бердим. Регионго азык-түлүк, электр энергиясы жана күйүчү май өткөрүлбөйт", — деди ал.
Израиль армиясы Газанын бүт тарабындагы чек араны көзөмөлдөөнү калыбына келтиргенин билдирди.
Соңку маалымат боюнча, Израилде каза болгон адамдар 700дөн ашты, Палестина тарапта 490 киши набыт болгон, миңге чукулу жаракат алды. Палестиналык отряддар израилдик жүздөгөн адамды барымтага алганы кабарланууда. Алардын арасында жогорку даражалуу аскерлер бар.
Палестина менен Израиль чыры ондогон жылдардан бери тараптардын аймактык кызыкчылыктарынан улам уланып келет. 1947-жылы СССРдин активдүү катышуусу жана БУУ тарабынан Израиль жана Палестина деген эки мамлекетти түзүү чечими чыкканы менен Израиль өлкөсү гана пайда болгон. Тель-Авив эки өлкөнүн принциптерин колдоп, бирок Палестинанын аймактарын толук бошотуп берген эмес.