Энергетика министрлиги электр кубатын үнөмдөөнүн 6 ыкмасын эскертти

Министрлик "майда, бирок маанилүү" деген алты эрежени эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Энергетика министрлиги жарандарды электр энергиясын үнөмдөөгө үндөп, анын жөнөкөй жолдорун эске салды.
"Баарыбыз электр энергиясын үнөмдүү колдонуу үчүн майда, бирок маанилүү иштерди эске тутуп алганыбыз оң", — дешти министрликтен.
керексиз учурда жарыкты өчүрүңүз;
жарык берүүчү лампаларды энергия үнөмдөөчү лампаларга алмаштырыңыз. Мындай лампалар көпкө чыдайт жана электр кубатын 10 эсе аз сарптайт;
электр өткөргүчтөрдү токко сайган бойдон калтырбаңыз, аны сууруп койгон туура;
А классындагы тиричилик техникаларын колдонуңуз: А+, А++. Алар электр энергиясын үнөмдөө жагынан башкы сапта турат;
бир эле учурда бир нече электр шаймандарын иштетпеңиз;
жылытуунун альтернативдик булактарын да пайдаланыңыз.
Радио
Энергетика министрлигинин күз-кыш мезгилине даярдыгы кандай?