Бишкектеги КМШ саммити

12-13-октябрда Бишкекте студенттер да аралыктан окумай болду

Бул күндөрү бала бакчалар да иштебейт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. 12-13-октябрда Бишкектеги билим берүү уюмдары (мектеп, менчик түрүнө карабастан орто жана жогору билим берүү уюмдары) аралыктан окушат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин мэрия ордо калаада 12-13-октябрда мектептер онлайн режимге өтөрүн маалымдаган. Билим берүү министрлигинин чечимине ылайык, бул күндөрү студенттер дагы аралыктан окумай болду. Бала бакчалар иштебейт.
Эскерте кетсек, бул күндөрү Бишкекте КМШ өлкө башчыларынын саммити өтөт.
Эки күн Бишкек менен Чүйдүн кээ бир көчөлөрү автоунаалар үчүн дагы жабылат.
Бишкектеги КМШ саммити
Бишкекте КМШ саммити учурунда электросамокаттарды ижарага алууга чектөө кирет