Соттон качып кеткен. Бишкекте каракчылыкка шектелген адам кармалды. Видео

Бишкекте каракчылыкка шектелип, кийин соттон качып кетип издөөдө жүргөн адам кармалды. ИИМ шектүүнү колго түшүргөн учурдун видеосун жарыялады.
Sputnik
ИИМдин маалыматына караганда, былтыр август айында 7-апрель менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Роснефть" май куюучу жайынын жанынан белгисиз адамдар ээсинен Mercedes-Benz G400 (Гелендваген) үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алышкан.
"Бул автоунаа мурда башка криминалдык төбөлгө таандык болгон. Бирок кийинчерээк башка адамдарга сатылып кеткен. Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") боюнча кылмыш иши козголуп, аталган ишке тиешеси бар делип мурда соттолгон төрт адам кармалган. Уурдалган унаа дароо эле табылып, ээсине кайтарылган", — деп айтылат билдирмеде.
Колго түшүрүлгөндөрдүн ишин сот карап чыгып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Соттук отурумда кармалгандардын айрымдарына карата баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Бирок алардын бири үй камагынын шартын бузуп, соттон качып кеткендиктен ага издөө жарыяланган. Ж. уулу Н. аттуу 28 жаштагы шектүү 8-октябрда Бишкектеги кафелердин биринен колго түшүрүлдү. Буга чейин ал каракчылык, адам өлтүрүүгө аракет кылуу, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо иштери менен соттолгону маалым болду. Шектүү эки айга камалган.
Тема боюнча:
Абакта отурган киши ишкерди алдап 224 миң сомдук унун саттырган