БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Б. Н. Ельцин атындагы КРСУда "Россия менен КМШ мамлекеттеринин жалпы тарыхы — биргеликте өнүгүүнүн ресурсу" аттуу Эл аралык тарых мектебинин салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик академиялык гуманитардык илимдер университетинин (МАГИУ) маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Денис Фомин-Нилов, Россия тарыхый коомчулугунун тең-төрагасы, Россия илимдер академиясынын академиги, Мамлекеттик академиялык гуманитардык илимдер университетинин президенти Александр Чубарьян катышты.
"Жаш окумуштуулар тажрыйбалуу кесиптештеринин лекцияларын гана укпастан, суроолорду узатып пикир алмаша алат. Иш-чаранын Бишкектеги КРСУнун базасында өтүп жатканы абдан маанилүү. Биз мындай университеттердин өнүгүшүнө чоң маани беребиз. Бизге КМШнын башка мамлекеттери дагы кошулганы абдан жакшы болду. Окуу жай орус-кыргыз мамилелерин гана эмес, бүтүндөй КМШ боюнча өнүктүрүүгө багытталган түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүн болгон аянтчага айланат деген ниеттебиз", — деди видео кайрылуу жасаган Чубарьян.
Фомин-Нилов мектептин өкүлдөрү жалпы тарыхтын түрдүүлүгүн көрсөтүп берерин белгиледи.
"Бул ар түрдүүлүктү түшүнүү аркылуу биз конструктивдүү диалог түзүүгө жана келечекти курууга үйрөнөбүз", — деди ал.
Мектептин алкагында интенсивдүү билим берүү программасы, тегерек столдор, россиялык жана кыргызстандык алдыңкы окумуштуулардын дискуссиялары пландалды.
Эл аралык тарых мектебине Россия, Беларусь, Кыргызстан, Армения, Казакстан, Өзбекстан, Индонезия, Венгрия, Греция, Грузия, Италия, Черногория, Болгария, Швеция, Сербия, Куба, Кытай, Түндүк Македония мамлекеттеринин студенттери катышат.