Бишкектин башкы архитектору УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Мэрия Карыбаев октябрдан баштап эмгек өргүүгө кеткенин кабарлады.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев 16-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Карыбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Иштин чоо-жайы азырынча белгисиз.
Мэрия Карыбаев октябрдан баштап эмгек өргүүгө кеткенин кабарлады. Ал бул мекемени 2022-жылдан бери башкарып келе жатат.
Караколдо жаңы курулган жол 6 айга жетпей оюлуп калды. Прокуратура иш козгоду