Радио

Шеров: Азия оюндарындагы жеңишим Олимпиадага жол ачты

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасынын мүчөсү, Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеров өлкөдө дзюдонун жаңы тарых барагы ачылып, күчтүү команда топтолгонун айтты.
Sputnik
Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азия оюндарындагы жеңишим чоң жоопкерчиликти мойнума жүктөп, кийинки мелдештерге ишенимдүү барууга жол ачты. Бул тууралуу Эрлан Шеров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына дзюдо боюнча Кыргызстандан үч лицензия алуу планы бар.
"Кытайдын Ханчжоу шаарында өткөн Азия оюндарында дзюдо боюнча өлкө тарыхында алгачкы ирет алтын медаль алдым. Бул кыргыз спорту жана дзюдо үчүн маанилүү көрсөткүч. Оюндарга эки жыл тынбай даярданып, жыйынтыгы кубанычтуу болду. Муну менен өзүмө чоң жоопкерчиликти мойнума жүктөп, кийинки мелдештерге ишенимдүү барууга жол ачылды. Өлкөдө эл аралык турнирлердин байма-бай өтүшү, окуу-машыгуулардын сапатынын жакшырышы, федерациянын, мамлекеттин жана элдин колдоосу дзюдонун жаңы тарыхынын башталышы деп айтса болот. Ханчжоудагы жеңишимен кийин өзүмдүн салмагымда олимпиадалык рейтингде топ-5ке кирип, Париж Олимпиадасына барууга жол ачылды. Мындан тышкары, Кубанычбек Айбек уулу, Асад Масабиров да жакшы жыйынтыктары менен келе жатат. Курама команданын Олимпиадага үч лицензия алуу планы бар", — деди Шеров.
Ошондой эле спортчу окуу-машыгуулардын сапатына маани берип, кийинки мелдештерге кайрадан машыгуу кызуу уланарын кошумчалады.