Азия оюндарынан байгелүү кайткан спортчуларга акчалай сыйлык ыйгарылды

Курама команда төрт алтын, эки күмүш жана тогуз коло медаль менен кайтты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Азия оюндарынан байгелүү кайткан спортчуларга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров акчалай сыйлык ыйгарды.
Кыргызстандын курама командасы Азиададан төрт алтын, эки күмүш, тогуз коло медаль алды.
1 / 8

Азия оюндарынан байгелүү кайткан спортчуларга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров акчалай сыйлык ыйгарды

2 / 8

Кыргызстандын курама командасы Азиададан төрт алтын, эки күмүш, тогуз коло медаль алды

3 / 8

Министрлер кабинетинин 1 миллион 250 миң сомдук сертификаты Акжол Махмудовго тапшырылды

4 / 8

Министрлер кабинетинин 1 миллион 250 миң сомдук сертификаты Айпери Медет кызына тапшырылды

5 / 8

Министрлер кабинетинин 1 миллион 250 миң сомдук сертификаты Эрлан Шеровго (дзюдо) тапшырылды

6 / 8

Министрлер кабинетинин 1 миллион 250 миң сомдук сертификаты Жоламан Шаршенбековго тапшырылды

7 / 8

Колого татыган Айсулуу Тыныбекова 500 миң сом алды

8 / 8

Күмүш медаль алган Нурзат Нуртаевага 750 миң сом берилди

Министрлер кабинетинин 1 миллион 250 миң сомдук сертификаттары Эрлан Шеров (дзюдо), Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү) жана Айпери Медет кызына (кыз-келиндер күрөшү) тапшырылды.
Күмүш медаль алган Адилет Шадыканов (карате) менен Нурзат Нуртаевага (кыз-келиндер күрөшү) 750 миң сомдон берилди.
Ал эми колого татыган Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Раззак Бейшекеев (грек-рим күрөшү), Авазбек Аманбеков, Темирлан Аманкулов (ушу-саньда), Сардана Трофимова (жеңил атлетика), Назим Нурланов, Кымбат Тойтонова (карате), Орозбек Токтомамбетов жана Айаал Лазарев (эркин күрөш) 500 миң сомдон алышты.
Спортчулардын машыктыруучулары менен медициналык кызматкерлерге да акчалай сыйлык тапшырылды.
Акылбек Жапаров спортчулар Кыргызстандын намысын татыктуу коргогонун белгиледи.
"Президенттин, министрлер кабинетинин жана жалпы кыргыз элинин атынан спортчуларыбызды Азия оюндарындагы болуп көрбөгөндөй ийгилиги менен куттуктайм. Биз сиздер менен сыймыктанабыз", — деди ал.
Радио
Шеров: Азия оюндарындагы жеңишим Олимпиадага жол ачты