Балыкчыда ЖККУнун ири аскердик машыгуусу башталды. Сүрөт, видео

Иш-чара 13-октябрь күндөрү Балыкчыдагы "Эдельвейс" полигонунда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында ЖККУнун "Бузулбас боордоштук-2023" машыгуусу башталды.
Аталган иш-чарага Казакстан, Россия, Беларусь жана Тажикстандын тынчтык орнотуу күчтөрү келип, аларды Кыргызстан салтанаттуу тосуп алган.
Кечээ аскерлер командалык-штабдык машыгууларды өткөргөн. Иш-чара 9-13-октябрь күндөрү Балыкчыдагы "Эдельвейс" полигонунда болот.
1 / 2

Аталган иш-чарага Казакстан, Россия, Беларусь жана Тажикстандын тынчтык орнотуу күчтөрү келип, аларды Кыргызстан салтанаттуу тосуп алган

2 / 2

Кечээ аскерлер командалык-штабдык машыгууларды өткөргөн

Аталган машыгууга ЖККУ катчылыгынын жана бириккен штабынын оперативдүү тобу катышмакчы.
Балыкчыдагы машыгууга катышуу үчүн Беларустун аскерлери келди. Видео