Радио

Кыргызстандагы тегирмендерде ундун баасы көтөрүлгөн жок

Тегирменчилер ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов Кыргызстандагы тегирменчилер, өндүрүшчүлөр ундун баасын көтөрбөгөндүгүн айтты.
Sputnik
Өлкөдө ун тартыштыгы жаралбайт. Ун саткан ортомчулар бааны жогорулатып, элди дүрбөлөңгө салууда. Учурда тиешелүү органдар базардагы ун баасынын кескин өсүп кетишин алдын алып, атайын рейддерди да уюштурганын Рустам Жунушов уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Казакстандагы аба ырайынын өзгөрүп, жаанчыл болгонуна байланыштуу буудайга болгон баа көтөрүлүп жатат.
"Үч апта мурун эле унга болгон баа туруктуу сакталып, эч кандай маселе жаралган эмес. Казакстандагы аба ырайынын өзгөрүп, жамгырлуу болгонуна байланыштуу буудай жакшы чогулбай калды. Анткени буудай жатып калса, комбайн аны чаба албайт. Мындан улам өндүрүшчүлөрү Казакстандын ичинде бааны көтөрүп койду. Биз коңшу өлкөдөн унга болгон керектөөнүн 50 пайызына чейинки көлөмүн ташып келебиз. Кыргызстандык импорттоочулар 1000-1500 сомго чейин кошуп жиберишти. Аны улай рынокто жергиликтүү ундун да баасын жогорулатып салышты. Республикадагы тегирменчилер, өндүрүшчүлөр ундун баасын көтөргөн жок. Мунун баарын ортомчулар эле жасап, элди дүрбөлөңгө салууда. Өлкөдө ун тартыштыгы жаралбайт, өкмөт убагында тиешелүү чараларды көрүп, маселени чечип келет. Андыктан кабатыр болуп, ызы-чуу салуунун кажети жок", — деди Жунушов.
Ошондой эле адис Мамлекеттик материалдык резерв фонду керектөөчүлөргө унду коюлган баа боюнча камсыздап берип жатканын кошумчалады.