Артта калдык. АКШда Россия стратегиялык артыкчылыкка ээ болгону айтылды

Өлкө башчы өзөктүк кыймылдаткычтуу түзүлүш орнотулган континенттер аралык "Буревестник" ракетасы ийгиликтүү сыноодон өткөнүн, мындан тышкары, бешинчи муундагы "Сармат" ракеталык комплексин иштеп чыгуу аягына чыкканын кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Россия гиперүндүү ракеталарынан улам АКШ алдында болуп көрбөгөндөй стратегиялык артыкчылыкка ээ болду. Бул тууралуу ЦРУнун мурунку аналитиги Рэй Макговерн маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
Эксперт мындай тыянакка РФ лидери Владимир Путиндин "Валдай" клубунун жыйынында аскердик техника тууралуу сүйлөгөн сөзүнөн кийин келген.
"Россия биринчи ирет АКШдан озуп өтүп, стратегиялык артыкчылыкка ээ болду. Америка болгон акчасын жаан жааса эле жакшы уча калбай калган F-35ке жумшады. СССР, андан кийин Россия гиперүндүү ракеталарга басым жасады, аларды атып түшүрүү дээрлик мүмкүн эмес", — деген экс-чалгынчы.
Анын айтымында, "мындай техникадан эч бир коргонуу да жок".
Бейшемби күнү Владимир Путин Россиянын стратегиялык куралдануусу тууралуу бир катар билдирүү жасаган. Өлкө башчы өзөктүк кыймылдаткычтуу түзүлүш орнотулган континенттер аралык "Буревестник" ракетасы ийгиликтүү сыноодон өткөнүн, мындан тышкары, бешинчи муундагы "Сармат" ракеталык комплексин иштеп чыгуу аягына чыгып калганын кабарлаган болчу.
Россия максатына ишенимдүү баратат. Путиндин "Валдайдагы" сөзү