Көөнө Сөз

Манасчы "кемел" деген көөнө сөздү чечмелеп берди

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
"Кемел" деген сөз толук, бүткөндүк деген маанини билдирет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, бул сөздү бир нече мааниде колдонууга болот.
"Көөнө сөздөрдүн арасында беш тамга, эки муундан турган "кемел" деген сөз кездешет. Анын биринчи мааниси, толук, бүткөндүк, кемчиликсиз дегенди билдирет. Экинчисинде жаш курагы жетүү, жашы толуу деген мааниде колдонулат. Ошондой эле дагы бир маанисинде чоң, заңкайган, килейген, зор деген мааниде колдонулат. Турмушта Кемел деген адам ысымын же бул кепти макалдардан кездештирип калабыз. Мисалы, "кемелине келтирбей, кырчынында кыйратып" деген бар. Бул ошол жаш кезинде жок кылуу деген мааниде айтылууда", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү кездештиргенде анын маани-маңызын биле жүрүү зарылдыгын кошумчалады.