Израилдеги куралдуу кагылышууда жабыркагандардын арасында КР жарандары жок

ТИМ кыргызстандыктарды тиреш жүрүп жаткан жерге барбай турууну эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Израилдеги кандуу кагылышууда жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.
"Элчилик израиль тарап менен байланышта, кырдаалга мониторинг жүргүзүп жатат, өлкөдөгү кыргызстандыктардан кабар алууда", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик мекендештерге тирешүү жүрүп жаткан жерге барбай турууну эскертип, зарылдык жаралса +90 54-56-89-68-00 телефону аркылуу байланышка чыгуу керектигин белгиледи.

Жаңжалдын чоо-жайы

Ишемби күнү эртең менен Газа секторунан радикалдар Израилдин аймагына миңдеген ракета учурган. ХАМАС тобунун согушкерлери Израилдин чек арадагы райондоруна кирип барды деген маалымат тараган. Полициянын айтымында, алардын саны өлкө боюнча 14 жерде 60тан кем эмес.
ХАМАСтын аскердик бөлүгү Израилге каршы "Потоп Аль-Аксы" деп аталган операция баштаганын жар салды. Анклавдан 5000 ракета кое берилген. Кыймыл өкүлүнүн айтымында, 35 израилдик аскер адамы туткунга алынган.
Израилдин армиясы "Темир кылыч" аталышындагы контртеррордук операция башталганын билдирди. Ондогон истребителдер Газа секторундагы ХАМАСка сокку урууда. Бийлик Израиль согуш босогосунда турганын айтып, өлкөдө өзгөчө абал режими жарыяланды.
Акыркы маалымат боюнча, кагылышуудан 100дөн ашуун израилдик каза таап, 1 864 киши жабыркаган. Ал эми Газа секторунда 198 адам көз жуумп, жабыркагандар 2000ге жакындады.
Москва Палестина менен Израилди согуш отун жакпоого чакырды