БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасы тажрыйбалуу айдоочуларды ишке чакырат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымдады.
Билдирмеге ылайык, резервдик кадрлар үчүн 20-25 айдоочу кабыл алынат. Алардын айлык маянасы 25 000-30 000 сомдон башталат.
"Ишкана ушул жылдын март айынан баштап айдоочулардын эмгек акысын алардын ишинин жыйынтыгына жараша төлөй баштаган", — дешти мекемеден.
Мэрия жумуш издегендер болсо Бишкек шаарындагы Ала-Арча көчөсү, №74 дарегине кайрылууну өтүнүп, резюме ала келүүнү эскертти.