Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Единая Россия" партиясынын катчысынын автоунаасын жардырышты

Катчы оор акыбалда ооруканада жатканы маалымдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жаңы Каховкада "Единая Россия" партиясынын аймактык бөлүмүнүн катчысы Владимир Маловдун автоунаасын жардырып кетишти. Бул тууралуу Херсон облусунун сенатору, партиянын регионалдык бөлүмүнүн катчысы Игорь Кастюкевич Telegram-каналында билдиргенин РИА Новости жазды.
Кол салуу саат 9:30да болгон.
"Өтө оор абалда ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер анын өмүрү менен күрөшүп жатат", — деген Кастюкевич.
Ал муну карапайым калкка каршы жасалган теракт катары баалай турганын билдирди.
Кылмыштын жагдайлары такталууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украиналык аскерлер Херсонго кайрадан сокку урду