БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Депутат Марлен Маматалиев педофилдерди жашы 60тан ашканына карабай өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштады.
Автордун айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда балдарды зордуктоо кылмыштары бир нече эсеге өскөн. Абактан бошонору менен кайра эле айбандык, ыплас иштерге барып жаткан учурлар кездешет.
Себеби учурдагы мыйзамда 60 жаштан жогорку жарандар оор кылмыш жасаса да өмүр бою эркинен ажыратылбайт. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизип, аталган норманы алып салууну демилгелеген.
Жакында эле Нарында тестиер кызды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөн 64 жаштагы киши сот тарабынан 12 жылга кесилген. Аны уккан коомчулук жеңил жаза берилди деп нааразы болгон.