БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Россия Палестина-Израиль чатагындагы тараптарды согуш отун жакпоого чакырды. Мындай билдирүүнү Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова жасады.
Ал Москва абалдын тез курчуп кеткенине өтө тынчсызданып жаткандыгын белгилеген.
“75 жылга жакын убакыттан бери уланып келе жаткан бул чыр-чатакты күч колдонуу менен чечүү мүмкүн эмес, тынчтыкка эл аралык белгилүү укуктун негизинде толук сүйлөшүү процессин орнотуу менен гана жетишүүгө болот. 1967-жылдагы чек араларга негизделген көз карандысыз Палестина мамлекети, борбор шаары Чыгыш Иерусалимдин жана Израилдин тынчтыкта, коопсуздукта жашоосу саясий, дипломатиялык жолдор менен чечилиши керек”, — деп айтылган анда.
Россия кагылышып жаткандарга чакырык салып, эл аралык сүйлөшүү процесстерине келүүнү сунуштаган.
“Палестина-Израиль чатагындагы тараптарды тез арада согуш отун өчүрүүгө, зордук-зомбулуктан баш тартууга, сабырдуу болууга, эл аралык сүйлөшүү процесстеринин жардамы менен Жакынкы Чыгыштагы көптөн күткөн тынчтыкты бекем орнотуп, кепке келүүгө чакырабыз”, — деп айтылган анда.
Эртең менен Газа тилкесинен Израилге жүздөгөн ракеталар учуп, соңку маалыматтар боюнча анын кесепетинен 40 адам каза таап, 740 адам жаракат алган. Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги Израилдин Газа секторуна жасалган чабуулдан 161 киши каза таап, 931 адамдын жарадар болгонун билдирген.
ХАМАСтын кишилеринин Израилдин чек арага жакын аймактарына кирип келгени, полициянын маалыматында алтымышка жакыны өлкө боюнча 14 тилкеде жүргөнү айтылган.
ХАМАСтын аскер канаты Израилге карата операция баштап, анклавдан беш миңге чукул ракета коё бергени кабарланган. Кыймылдын өкүлүнүн айтымында, туткунга Израиль тараптан 35 киши алынган.
Израиль армиясы да контртеррордук операция жарыялап, Газа секторундагы ХАМАСка истребителдер менен сокку урган. Өлкө бийлиги Израиль согуштук абалда турганын билдирип, чукул кырдаал жарыялаган.