КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын XVII Дельфи оюндарынын өтүүдө

Лавров Бишкектеги XVII Дельфи оюндарынын катышуучуларына кайрылды

Шериктеш өлкөлөрдүн жаштарына арналган Дельфи оюндары Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулууда.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Россия ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Бишкекте өтүп жаткан КМШ жаштарынын XVII Дельфи оюндарынын катышуучуларына, уюштуруучуларына жана конокторуна кайрылды.
Ал 20 жылдан ашык убакыттан бери бул чыгармачылык сынактар жаш таланттардын дараметин ачууда жана КМШга кирген өлкөлөрдүн бай маданий-тарыхый мурастарын жайылтууда чоң роль ойноп келерин белгиледи.
“КМШ өлкөлөрүнүн улуттук курама командаларынын мелдештери таланттуу жаштарга искусстводо өз өнөрлөрүн көрсөтүүгө, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жаңы досторду табууга шарт түзөт. Мындай ар бир жолугушуу ар кыл өлкөлөрдүн жана элдердин өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара ымаланы, түшүнүшүүнү чыңдоого, жаштардын байланышын түзүүгө өзүнүн олуттуу салым кошот”, — деди министр.
Ал Дельфи оюндары Евразиянын коомдук, маданий турмушунда, анын ичинде КМШ аймагында улуттар аралык бири-бирин түшүнүү тили катары өтүп жаткан Орус тили жылынын алкагында маанилүү окуя болуп каларына ишенимин билдирди.
Шериктеш өлкөлөрдүн жаштарына арналган Дельфи оюндары Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулууда.
Дельфи оюндары 10-октябрга чейин уланат.
КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын XVII Дельфи оюндарынын өтүүдө
Бишкекте КМШ жаштарынын XVII Дельфи оюндарынын ачылышы болду. Видео