Кыргызстан Азиадада медалдардын саны боюнча жаңы рекорд жаратты

Быйылкы Азия оюндарында кыргыз спортчулары олжолуу болушту.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызстан Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында жаңы рекорд жаратты. Муну спортчулар алган байгеден улам айтууга болот.
Учурда курама команданын капчыгында төрт алтын медаль бар. Аны балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы жана дзюдочу Эрлан Шеров алып берди.
Азия оюндары уланууда. Бүгүн эркин күрөштүн балбандары күч сынашат.
Мурдагы рекорд 2018-жылы коюлган. Анда балбан Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүк Дарья Маслова жана жиу-житсучу Төрөхан Багынбай уулу Азия оюндарынын чемпиону болгон.
Аталган оюндан Кыргызстанга алгачкы алтын байгени 2002-жылы узундукка секирүү спортунан Татьяна Ефименко алган. 2010-жылы балбан Данияр Көбөнов тарыхты кайталаган.
Жалпысынан Азиададан 9 медаль болду.
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту