Израиль менен Газа секторунун ортосундагы чыңалган кырдаал. Соңку маалыматтар

ХАМАС Израилге карата аскердик операция баштаганын жар салды. Израиль согушка даяр экендигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Израиль менен Газа секторунун ортосундагы мамиле кыйындады. Sputnik Кыргызстан соңку маалыматтарды топтоду.
Израилдин Коргонуу министрлиги Газа сектору тараптан ракеталык чабуулдар азайбагандыктан аскерлерди жапырт жыйнай баштадык деп жар салды. Алардын армиясы согушка даяр экендигин билдирди. Тель-Авивде күч түзүмү менен өлкө жетекчилиги кеңешүүгө отурду.
Ал эми ХАМАСтын аскердик канатынын башчысы Израилге каршы согуштук операцияны баштагандыгын кабарлады. Аскер жетекчилигинин айтымына таянсак, алардын аймагына беш миңге чукул ракета коё берилген.
Куралданган палестиналыктар Израилге кирип жатат, алар райондордун бириндеги полиция участогун басып алышкан. Израилдин армиясы менен кол салган аскерлердин ортосунда атышуу болгон. Бир нече израилдик жоокерлердин туткунга түшкөнү боюнча бейрасмий маалыматтарда айтылууда.
Израилдин түштүгү менен борборунда аэропорттор жабылган. Израиль армиясына таандык дүйнөдөгү коргонуу мүмкүнчүлүгү эң мыкты деп аталган Merkava IV танкасы жок кылынган.
Газа секторуна бир канча палестиналыктардын израилдик күч түзүмдөрүнө таандык жолтандабастар менен кайтып келгени айтылды.
Израиль армиясы Газа секторун ракета менен аткылай баштаганы кабарланды.
Расмий маалыматтарда көз жумгандар тууралуу айтылган жок. Бирок ЖМКлар Израиль түштүгүндө жабырлангандардын саны 80ге чукул экенин, алардын бир катарларынын абалы оордугун жазып жатышат.
Израилди ракета менен аткылап жатышат. Өлкө согушка резервчилерди чогултуп баштады