Балыкчыдагы машыгууга катышуу үчүн Беларустун аскерлери келди. Видео

Аскердик машыгууга катыша турчу мамлекеттердин бардыгы келип бүттү.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Балыкчы шаарында өтө турган машыгуусуна катышуу үчүн Беларустун аскерлери соңкулардан болуп келди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.
1 / 2

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Балыкчы шаарында өтө турган машыгуусуна катышуу үчүн Беларустун аскерлери соңкулардан болуп келди.

2 / 2

Министрлик аларды салтанаттуу түрдө тосуп алган.

Министрлик аларды салтанаттуу түрдө тосуп алган.
Алар Баранович шаарынан "Кант" аскердик авиабазасынын аэродромуна учуп келишти. Андан соң кыргыз тараптын аскердик техникалары менен машыгуу өтүүчү Балыкчы шаарына марш жасашкан.
"Бузулбас боордоштук — 2023" машыгуусу 9-13-октябрь күндөрү Балыкчыдагы "Эдельвейс" окуу-машыгуу борборунун базасында өтөт. Учурда машыгууга Кыргызстан менен катыша турчу бардык мамлекеттер — Россия, Казакстан, Тажикстан жана Беларустун аскерлери келишти.
Аталган машыгууга ЖККУнун катчылыгынын жана бириккен штабынын оперативдүү тобу катышат.
Кыргызстанга ЖККУ машыгуусуна Россия менен Казакстандын аскерлери келди