Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Business Insider: Путиндин Украина боюнча планы ишке аша баштады

Макалада РФ лидери Батыштын Украинага жардам берүүдөн чарчай баштаарын айтып, ал азыр туура чыга баштаганы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Владимир Путиндин Украина менен болгон чатакта жеңишке жетем деген планы ишке аша баштады. Бул туурасында "Российская газета" Business Insider басылмасына чыккан макалага баяндама кылган.
Анда РФ лидери Батыштын Украинага жардам берүүдөн чарчай баштаарын алдын ала эле айтып, эми ал туура чыга баштаганы белгиленген. Словакияда Киевге жардам берүүнү токтотууга убада берген партия жеңди.
АКШнын Конгрессиндеги талаш-тартыш Украинага бериле турган бир топ миллиардды чапчыган жардамдын айланасында болууда. АКШнын Өкүлдөр палатасындагы республикачылардын оңчулдар фракциясы буга каршы чыгып эле тим болбостон, спикер Кевин Маккартини кызматтан алып түшкөн.
Бирок АКШ Украинага көмөктөшө берип чарчагандыгын көрсөткөн жалгыз мамлекет эмес. Германияда дагы ушул багыттагы "Альтернатива для Германии" (АдГ) деп аталган оңчулдар партиясынын эл арасында кадыр-баркы көтөрүлүп баштады. Европа дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель Зеленскийге берилчү финансылык жана аскердик жардам АКШсыз жетишерлик болбой каларын белгилеген.
ЦРУнун Россия боюнча аналитикалык борборунун экс-директору Жорж Биби Путиндин айтканы туура чыкканын белгилеген. Украина аскерге чакыруу жаатында кыйналууда, экономикасы очорулуп калды, АКШда Европа сыяктуу эле Киевге жардам берүү энтузиазмы жайлай баштады.
Макалада бул бурулуш мезгил болушу мүмкүн экендиги белгиленген. Анда Батыштын Украинаны колдоосу кескин азайып же такыр эле токтойт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Киев АКШ берген куралы түгөнсө кадамы кандай болорун ойлонуштурган эмес