Сөөктү союудан баш тартпаш керек. Патологоанатомдун түшүндүрмөсү

Адистин айтымында, сөөктү сойгондон кийин гана адам кандай ооруга чалдыгып, дарт кантип өрчүп, медиктер кандай дарылаганын билүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. КРСУнун патологиялык анатомия кафедрасынын башчысы Майра Ахметова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып эмне себептен Кыргызстанда сөөктү союудан баш тартпоо керектигин түшүндүрдү.
Анын айтымында, сөөктү сойгондон кийин гана адам кандай ооруга чалдыгып, дарт кантип өрчүп, медиктер кандай дарылаганын билүүгө болот.
"COVID-19 учурунда ушул дарттан каза болгондор союлган. Бир мезгилде каза болгондордун саны өсө баштаганы эсиңердеби? Ал учурда бейтаптарды асма ийне менен дарылашчу. Сөөктөр союлганда патологоанатомдор өпкөгө суюктук толуп калганын аныкташкан. Ушундан кийин дарылоо протоколдору өзгөртүлүп, асма ийне коюу азайып, өлүм да кыскарган. Медицинада бул өтө маанилүү!" — деген Ахметова.
Ал сөөк союу патологонатомдорго эмес, биринчи кезекте клиникалык дарыгерлерге керек экенин белгилеген. Анткени бейтапты туура дарылаштыбы же жокпу, дал ошол медиктер билип, жоопкерчилик алышы шарт.
Буга чейин ЖК депутаты Лейла Лурова сөөктү зомбулук менен өлтүрүлгөн учурда гана союуну сунуштаган. Бирок саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул демилгеге каршы экенин айткан.
Баткен шаарында жана Лейлекте жаңы оорукана, өлүкканалар курулат